карапа
- Чоподон жасалган идиш, кумура.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карапа турган Бактыбай, / Хандык туунун түбүндө, / Он тогуз менен жырманын, / Ал экөөнүн биринде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Карапачы өзүнүн досун жейин дегенге ачуусу келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Сен талаага бар да, топурак алып кел, мен сага карапа жасап берейин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Мен болсом мүйүзүн алайын, ал мүйүз менен топурак казайын, топуракты карапачыга берейин, карапачы карапа жасап берсин, мен анан ага суу алайын, тумшугумду малайын да, таза жуунуп, кашкулак досумдун этин жейин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Сүтүндөн бер, мен итимди тойгузайын, ал анан тоо текени тиштесин, мен мүйүзүн алайын да, топурак казайын, аны алып барып карапачыга берейин, ал мага карапа жасап берсин, ошол карапа менен суу алып, сууга тумшукту малып тазаланайын да, кашкулак досумдун этин жейин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →