каранды

китептерде 35 жолу, 8 китепте
  1. Көз каранды, кул-кутан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сегиз хан элин чакырып, / Аскер жыйнап жам кылып, / Тегеректеп кыргызды, / Алабы деп кар кылып, / Баралы бирге дегенбиз, / Бадакшанга чогулуп, / Аңгычакты Каракөз, / Бактыбайга катышып, / Бейкут жаткан кыргыздын, / Баарына кабар угузуп, / Катын алды Жасанды, / Калкын кылды каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ташкент, Кокон, Маргалаң, / Кашкар, Котен, Кешмирди, / Көз каранды кылган дейт, / Түндүктөгү Каңгайды, / Түп көтөрө алган дейт, / Урумдагы Орусхан, / Баштагы өткөн хандардан, / Будагы кыргыз уругу, / Манас менен бир тууган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Каткалаңдын Сайкалы, / Качып барып кыргыздан, / Каранды болгон калмакка, / Мунун кайсынысын айталы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жашыл жээкке барбайын, / Жалдырап жетим калбайын, / Элге болуп каранды, / Эс акылдан танбайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эки күн ууга баралы, / Семизинен кайыптын, / Кырк-элүүчө алалы, / Айдап келип бул жерге, / Азыган жээрге, / Ушул жерге жаралы, / Эр канаты сен элең, / Ээбизге болгон каранды, / Күнгөй, тескей араандап, / Чөптү биздер карайлы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →