карандаш
- Жыгач таякчанын ичине графиттен же кургак боёк затынан өзөк салынып жасалып, жазуу, чийүү, сүрөт тартуу үчүн колдонула турган курал.
- Графит, күмүш, коргошун менен аткарылган сүрөт тартуу техникасынын аталышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бириңе-бириң карандаш, / Кадырлашып жүргүлө, / Жакшы санаа ой үчүн, / Жалпы баарың чогулдуң, / Кыздын тойун бергиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →