карандай
- Жалаң гана, аралашмасы, кошулмасы жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитей кайрат чыңдады, / Кара сууга кан куйчуу, / Карандай жерден чыр тапчуу, / Кайраты мунун кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым букара, / Ханы жарлык кылганга, / Калбай келет бүт мында, / Кай муратка жетемин, / Карандай элди кырганга?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карандай дөөдөн Борончу, / Корккондун бири болуучу, / Үчөөнү алдык жемирип, / Тура албай калды Коңурбай, / Жалгызсырап желигип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Картыкени байлады, / Талга асып салганы, / Карандай докко капташып, / Титиреп турат калганы, / Муну койо туралы, / Сейиттен кепти угалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →