каран1

китептерде 128 жолу, 10 китепте
  1. Азап-тозоктуу кыйын шарт, начар турмуш-абал.
  2. Ээн калган, кароосуз, багуусуз абалда болгон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурфану өлүп каран түн, / Мага болду мүшкүл күн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Буйрук кылып кат жазып, / Жакын жерин үч күндөн, / Алыс жерин он күндөн, / Калбай келсин деп жазып, / Каран түн салып элине, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Сүрдүрүп келип чогултту, / Коросондун элине, / Көрүнөө салып кордукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Экинин бири энтеңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез болду, / Келбеттүү Сыргак найза … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп, таң калып, / Аркы жагын караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Каран талаада калат деген ушубу? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →