каралык

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Адамга ак санабаган кара ниеттик, арамдык, жамандык, арам ойлуулук.
  2. Күнөөлүүлүк, айыптуулук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мадыбек аман турганда, / Бабалык кылбайт Чигитей, / Башка бала кептенип, / Чалалык кылбайт Чигитей, / Бузулат атам кеби, деп, / Каралык кылбайт Чигитей, / Көөнүңдө санаа болбосун, / Оо, Мөңкөтай, кенедей, / Мадыбекти жараткан, / Көөдөнү кең ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Унутуп калган экенмин, / Хан Сулаймат сураса, / Берип койуп ошону, / Каралыгын чочконун, / Кайдан байкап мен билдим? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Байкап көрсө Гүлчоро, / Кайра тартар жери жок, / Каралыкта Канчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каралыгың сеники, / Кадимтен бери бардыр — деп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кара нээт Беттибет, / Жала жаап, айтып кеп, / Каралык кылып келди, деп, / Атамдын шаарын бергин, деп, / Бир күн чатак кылат, деп, / Атабыз кылат келип бул жерге, / Хан көтөргөн Беттибет, / Эл бийлетип каңгайга, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →