каралуу1

китептерде 5 жолу, 5 китепте каралуу 2 →
  1. Кара кийген, эри өлгөн жесир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бир баштан көбөйүп, / Үчөө болду бул жылан, / Ачып көздү жумганча, / Бүткөн бойдон суу агып, / Кан аралаш зил агып, / Сен болупсуң жаралуу, / Эки бетим тилинип, / Мен болупмун каралуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Жоо айаган жаралуу, / Катыны калат каралуу” / Этинде найза тагы бар, / Өлбөсө да жаралуу, / Угушумча Сулаймат, / Укмуштуу капыр чамалуу, / Кербендерден келтирип, / Карадөөгө бердирип, / Өзүнүн элин айардап, / Жатканын көрчү мына бу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Укканда муну башында, / Кара хандын шаарында, / Качып жүрөт деп уктум, / Каралуу энең Каныкей, / Калдыр шымың көтүңө, / Катып жүрөт деп уктум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…өмүлүп, / Кулактан тартып чыгам, — деп, / Таласка кетсе элге жай, / Калдуубет жатып жай албайт, / Дагы чатак табар, — деп, / Жоо айаган жаралуу, / Катыны калат каралуу, / Карылар айткан макал кеп, / Жалганы жок ырас кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →