каралжын

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Анча кара эмес, карараак, карага жакын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара ат менен калдаңдап, / Каралжын тону далдаңдап, / Болжоп чыкчу жеринен, / Чыга калса салбаңдап, / Айдар тургай эме жок, / Көрүнгөн көзгө караан жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бөксөгө чыкчу жол менен, / Бөлүнүп келе жатыптыр, / Бөрү жолдо Алакең, / Карк алтындан уйутма, / Каралжын ыраң тон менен, / Адамсыз ээн жол менен, / Көрүнүп келе жатыптыр, / Айбаттанып алыптыр, / Эрмеги жок кашында, / Зеригип келе жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…абылбас, / Сарала атчан бирөө бар, / Анын оң кол жагында, / Алтын чырай нур беттүү, / Ийриси жок түз кептүү, / Пешенеси жапжайык, / Пендеден ашкан келбеттүү, / Каралжын ыраң тону бар, / Калдагай келген топчулар, / Сыныктын эбин тапчудай, / Сыйкыры журтту басчудай, / Өлгөндүн көзүн ашчудай, / Өнөрдүн баарын казчыдай, / Балбан э… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ы бетке жабылат, / Жалыны көздөн шырылдап, / Жай бастырып баратса, / Куу угулуп зырылдап, / Атактуу Чубак баратат, / Анын арка жагында, / Айсарала ат минген, / Каралжын алтын тон кийген, / Мойнуна саадак жебе илген, / Бадана темир торгой көз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →