каралды
- Бел кылар медер, тирек, жөлөк (көбүнчө балага карата айтылат).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атам Күйдаң карыды, / Каралды болчу дөөлөрдөн, / Ажыратып таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каралды бол деп айтпайым, / Караан болуп жаныма, / Сыйкыры артык эң жаман, / Азыр болгун жаныңа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Билип баатыр, иш кылсаң, / Кубанычка батамын, / Билбей кокус иш кылсаң, / Билбедим деп айтпаймын, / Бар билгини сен алгын, / Сейитек болсун каралдың, / Жайын айтып угузгун,, / Канчоро деген айбандын, / Атасы Чубак шер экен, / Атам менен тең экен, / Сен экөөбүз кептенип, / Бирге өскөн кеп экен...
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бирөө кетет талаага, / Бирөө болот каралды, / Сомбилектей балага, / Бир жылдан артып үч айча, / Убакыт өттү арада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →