каралаш

китептерде 16 жолу, 8 китепте
  1. Бирөөгө жардамдашуу, жардам берүү, кол кабыш кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бай-кедейиң аралаш, / Бирге жүргүн чамалаш, / Кем-керчиңе көз салып, / Бириңе бириң каралаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Канатташ жүргөн каралаш, / Короолош айлың сенин ким? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Айтканыңар чын болсо, / Өтө жаман иш экен, / Үч тараптан чыр болсо, / Сүйүн менен Чолпонбай, / Таласка баргын сен болсо, / Кашкардагы Жоодарга, / Каралашам мен болсо, / Аркаңдан жете барамын, / Ачык жолум шар болсо, / Атбашыга, Бактыбай, / Ата журтуң ээ болгун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ачкадан боору эзилип, / Айнектей көзү сүзүлүп, / Керсаргыл тартып ыраңы, / Кетүүчүдөй үзүлүп, / Арман кылат эр Алмаң, / Азаптана үшкүрүп: / “Меккени алдым бетиме, / Өлүмдү алдым нээтиме, / Каралашкан казагым, / Казагым берип азабым, / Каңгып жүргөн бир жаным, / Кайсы жолду басамын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чойтолоңду бириңер, / Чакыргыла дегенде, / Көрбөгөлү көп болду, / Көрүшкөнчө алдыңа, / Мен, Чоке, келдим Картыке, / Каралашып жүрчү элек, / Жакшы-жаман ар иште…. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →