карала2

китептерде 92 жолу, 9 китепте карала 1 →
  1. Бирөөгө күнөө коюу, жамандоо, кара кылуу, айыптоо.
  2. Карага боёо, карартуу, кара кылуу, чиймелөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рлерден, / Семетей менен Сейтек – / Эки баатыр тең турса, / Эр Кененим тирүү бар, / Бенде эмес баатырдан, / Жүйрүн дөөлөр кем турса, / Жору куйрук Кызыл алп, / Карала атчан Калыбек, / Катардакы жети дөө, / Айтумуш, Чынгыш, эки хан, / Баарынын алы келбеген, / Кененимден Сейитим, / Кашкайа жалгыз эр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кошамат кылып эл айтат: / — Каңгайды калбай таратып, / Баатыр чыкты, Мадыбек, / Чигитей биздин бала, — деп, / Кармалып калган казактар, / Калкыңа келип каралап, / Айлыңда жүрүп караандаш, / Кайра барып Алтайга, / Касиет конду башына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Анда жакшы болбодуң, / Калбалашсаң катышып, / Калыбектен сойлодуң, / Карала атчан Калыбек, / Калыбекке беттешип, / Тирүү калыш канимет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айланада элине, / Каралап келип конуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он бир төөдө нан калды, / Пулу оор булумдан, / Бүтүн жибек дудундан, / Карала менен суп тондон, / Арбын калды ошондон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →