каракчы

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Талоончу, карактап кетүүчү, каракчылык кылуучу, Каракчылардын колунан эмне келет? (Сасыкбаев).
  2. Эски кийимден, чүпүрөктөрдөн ж.б. жасалып, таранчыдан же башка нерседен эгинди, бакчаны ж.б. коруу максатында сайып коюлган сөлөкөт.
  3. Кебетеси жаман, булганч, жүдөө кишиге карата же бирөөнү кодулоо, кемсинтүү иретинде айтылат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чигитей болсоң чыныңды айт, / Ички пикир, сырыңды айт, / Каракчы болсоң кайра тарт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тилимди ал калганың, / Ар чатырдын жанына, / Каракчыдан жасагын, / Айтумуштун элинин, / Өзүнө кылгын мазагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куткарбастын Куунайза, / Хан каадасы уруштун, / Мындан мурун көрбөгөн, / Каадасын элдин билбеген, / Каракчыдай кол салып, / Каршылашкан тарабын, / Талап алып жүрчү экен, / Кылып көнгөн адаты / Калдаңдаган Куунайза, / Качырганын карачы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каракчыга жол берип, / Бөрүгө койду кайтартып, / Силерди кудай урганы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →