каракта

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Бирөөнүн дүнүйөсүн, кийим-кечесин ж.б. тоноп кетүү, тартып алуу, каракчылык кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…айдан алып азыкты, / Тартырып элге жазыкты, / Каңкайдан алып аскерди, / Сайышты чындап салгалы: / «Өз акылым акыл, — деп, / Эптеп-септеп кыргызды, / Четтетейин карактан, / Сайдырып салсам окустан, / Саат чырмап кокустан, / Салбарды ашып калмактар, / Коктукат кетсе жол жакын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки буту салбактап, / Эки этеги далбактап, / Калканы жондо калдактап, / Кээрлүү киши Жаркабак, / Кирип келди далдактап, / Эки көзү алактап, / Мойну кеткен шалактап, / Жан койбостой түрү бар, Атырылып жалактап, / Түр көрсөтүп ошентип, / Далайды алчу карактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Караган киши оңгундай, / Кара саат баланы / Карактап алса тунгундай, / “Кагылайын карагым, / Карагым мени карагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Кай уруудан боласыңдар, карактарым? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— Карактарым, сендерге бул үйдөн орун артадын эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →