каракаш
- Канаттары кыска, куйругу узун, кара түстүү келген ири суу кушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…өз – төртөө кайгы жеп, / Таң агарып сүргөндө, / Камыштын башы куудурап, / Жыгачтын учу шуулдап, / Капчыгайы куулдап, / Ала карга азанчы, / Үн алышып чуулдап, / Каракаш торгой чулдурап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жандын баары мыдырап, / Зыркаар жүрүп зырылдап, / Жалбырактар дирилдеп, / Дүйшөмбүнүн жери шор, / Шамал жүрүп ыркырап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Текечинин темир көк, / Койкоңбайдын Койчабдар, / Сугатчынын Карасур, / Жыгашчынын Көкала, / Жылтыркандын Торала, / Тымызындын Сарала, / Чоң вазирдин атактуу, / Каракашка аргымак, / Ысык жерде өскөн мал, / Жал куйругу бир кучак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
деп, / Имерип тийди жаандай, / Ителги тепкен таандай, / Этектери делбиреп, / Эсин таппай маңгыттар, / Качып жүрөт кеңгиреп, / Каракашка ат күлүк, / Карарган маңгыт көп колу, / Кара жандан түңүлүп: / “Баарыбызды жок кылып, / Жалындаган от кылып, / Тирүү жан койбой бүт кырып, / Кырк кабырга сөгүл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →