карайла

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Көзү жакшы көрбөй бүдөмүктөп калуу.
  2. өт. Эмне кыларын билбей кайсалоо, карбаластай берүү, айласы кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аскер менен сүйлөшүп, / Коросон менен испанды, / Артынан жолго салыптыр, / Асмандап учуп Кызылкыз, / Асыл эрдин үстүнө, / Борошолуу жамгырды, / Карайлатып куйдурду, / Ызылдатып ышкыртып, / Шамал менен урдурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
жөнөдү, / Алышып кеткен дөө Нүкүр, / Сейитекти көргөнү, / Асмандан жерге куйулду, / Таласка кетип бараткан, / Куйалы балбан туйунду, / Кайта артына бурулду, / Карайлаган Нүкүр дөө, / Жарлык кылды калкына- / Турган дөөнүн жалпына: / — Бирден-бирден барбагын, / Бирден темир арканды, / Түрүп колго кармагын, / Сейтек деген эр ушул,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Хан Толтойду кайгыртып, / Карайлатты бүт элди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Аргасы кетип көзү карайлап, баягы сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар, жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →