карагыс

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Кароого адам даай алгыс; кебетеси, көрүнүшү начар, адам бет бага алгыдай эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сапта турган кыргызга, / Киргизип ийип Сүйүндү, / Кайта артына айланды, / Каар төгүп бетине, / Адам уулу карагыс, / Бактыбайдын түсүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ошол капыр чочконун, / Ачуу басып акылын, / Жан көрүнбөйт көзүнө, / Булдурттап тили күрмөлбөй, / Түшүнбөй адам сөзүнө, / Тик багып киши карагыс, / Кысталактын жүзүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эсендик сурап жобурап, / Жакып турат кобурап, / Карагысы келбестен, / Карахан турат кулжуңдап, / Кулжуңуна койобу, / Бай Жакып жолун тороду: / — Атайылап алыстан, / Алдыңа келдим, Карахан, / Айтканыма кулак сал, / Алдыңа келген жумуш бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп Сейитек айтканда, / Карап адам тургусуз, / Гүлчоронун жанына, / Түз багып адам карагыс, / Жүзүнө келген каарына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →