карагым
- Баласы менен тең чамалуу же өзүнөн көп кичүү адамдарга эркелетүү, жалбаруу иретинде кайрылуу формасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атынын башын бурбастан, / Айал кылып турбастан, / Бастырып жүрө берерде, / Алымсарык алдырап: / — Кагылайын карагым, / Карагым, мени карагын, / Жоого кандай барасың, / Колуңда жок жарагың, / Чоң атам Манас көк жалдын, / Энчиге калган бул найза, / Колуңа муну кармагын, / Олпо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дайар Балта камынды, / — Кагылайын карагым, / Айланайын арбагым, / Алтымыш уул алаштын, / Ырыска бүткөн баанайым, / Кыргыз деген элиңе, / Күйүп турган чырагым, / Ыйлап берсин сарыбашыл, / Эминесин сурадың, / Кегин алды элдериң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кийер кийим, минер ат, / Бар болсо жанда жарагым, / Тер куйулуп жөө басып, / Жүрөр белем карагым, / Азып жүргөн бир жанмын, / Турушумду карагын, / Эл кыдырып суу ичип, / Жаткан жерден даам ичип, / Талаада калып адамсыз, / Ушинтип келе жатамын, / Кыргыздын …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Караган киши оңгундай, / Кара саат баланы / Карактап алса тунгундай, / “Кагылайын карагым, / Карагым мени карагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Осы карагым аман жүрсө болды маган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →