карагаттай

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Мөлтүрөгөн кара көздүн түсүн, көрүнүшүн элестетүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карагаттай кайран көз, / Сагызган чокуп ойдубу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Качанда мен талаадан келген сайын Ашымкан карыңдашым эшикте жалгыз томсоруп, карагаттай мөлтүлдөгөн акылдуу көзүнөн акырын гана мөлтүлдөтүп жашын төгүп отурганын көрөр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →