карагат

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Кычкыл же кычкылыраак таттуу даамы бар мөмө берүүчү бадал өсүмдүгү.
  2. Ушул бадалдын кара, кызыл түстөгү майда тоголок жемиши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бөксөсүндө карагат, / Шагы ийилип самсалап, / Жинесте, бөрү карагат, / Көздүн жоосун ал алат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ышкын менен балжууран, / Боткоктору койкойуп, / Бүлдүргөн бышып төгүлүп, / Карагат турат мойтойуп, / Айуулар төрдө саксаңдап, / Токойдо шерлер чакчаңдап, / Кызыл ээк чал ойноп, / Жаш баладай шылкылдап, / Кызыл муштум жаш балдар, / Жүгүрүп ойноп чандаңдап, / Нечени жүрөт жөрмөлөп, / Бакадан бетер тарбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Бүлдүркөн, карагат... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →