караганда

китептерде 28 жолу, 5 китепте
  1. Эки нерсени бири-бирине салыштырууда, ички бөтөнчөлүктөрүн айырып айтууда же биринен кийин экинчи бир натыйжа тууларын көрсөтүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Азап тарттык мынчалык, / Кыргызга тарткан зыйанга, / Караганда ушул иш, / Кыйын эмес анчалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
болуп жер чаңдап, / Кеңкула чуркап ыкчамдап, / Кош кулагын жапырып, / Ошо кезде Калыбек, / Кененимди караса, / Өңүнөн заар төгүлүп, / Көзүнөн жалын бөлүнүп, / Караганда кан чыгып, / Кармаганда жан чыгып, / Аркасынан баатырдын, / Айдар сары жал чыгып, / Бул түрпөтүн көргөндө, / Теңсинбей жүргөн Калыбек, / Эми калды аптыгып, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Караганда тааныдым, / Баатыр Манас байрагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала "Кы-раанкара жолду мурункуга караганда кандай басып калды экен, сынап көрөйүн", деп тебетейин жерге түшүрүп коёт да: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →