караган
- Топ-топ болуп өскөн тикендүү бадал өсүмдүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Койнунда бутун чакырып, / Найзасы тийсе кара таш, / Кумдай болуп чачылып, / Аркасында тозоңу, / Жөө тумандай жазылып, / Караган жанды жадатып, / Караган бенде таң калат, / Калтаарып баары калышып, / Кагышып чыкты кечкече, / Аппак шордо салышып, / Кайра жанбай артына, / Өчүгүшүп тайышып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…арлыгың кыл, — деди, / Тайар болуп тур, — деди, / Керней тартып чуу салып, / Сурнайдын үнүн чыгарбай, / Доолбасты урбастан, / Айал кылып турбастан, / Коросонго караган, / Таласты карай бас, — деди, / Ачаканга караган, / Атбашыга түш, — деди, / Чойун алпка караган, / Кең Кашкарга бар, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оогандыктын эр Сыргак, / Тор салар шайын калтырбай, / Сайып кирди жүдөтүп, / Жолборс көргөн маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Иттер келип такымдап, / Жырып кетти эттерин, / Караган-бута, токойлор, / Жарып кетти беттерин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ким чыгат — деп, — карабай, / Караганга жарабай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →