карагайлуу

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Карагайы көп, карагайы калың.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колуңдагы дүрбүнү, / Жана салып үңүлдү, / Маңдайынын бырышы, / Эл жайлоочу төр өңдүү, / Каш-кирпигин карасаң, / Карагайлуу жер өңдүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шукурлуунун тоосунда, / Карагайлуу коосунда, / Карманап деген бар эле, / Кара дөө деген иниси, / Ага-ини жан эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бирок ошол карагайлуу тоолор да бизге тийбей, кийин казыналык болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ойдон туруп атып жаткан замбирек огу асман менен зуулдап, күңгүрөнүп кетип калың карагайлуу тоонун ичине барып күрс-күрс түшүп жатты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир жагыбыз асмандаган карагайлуу бийик тоо, экинчи жак иттин мурду өткүс калың токой. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →