караба
- Магнит деген мааниде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карабапсың баатырды, / Кыйшайып калган турбайбы, / Ошонум сага жазыкбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Барган жерде макул деп, / Маа кошулса жакшы кеп, / Калкынан качкан караан деп, / Карабаса кийин кеп, / Элинен азган кишиге, / Эки жылга эл жок, деп, / Жеринен азган кишиге, / Жети жылга жер жок деп, / Жеткирлер айткан бу бир кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Муну ойлонуп Коңурбай, / Алгара менен алактап, / Кең багалек буулум шым, / Ат капталда балактап, / Утур келген баатырга: / — Кылчайып артың караба, / Эптеп жетип Бейжинге, / Сепилге кирип маанала!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ээрчип жүрдү зарылып, / Карабады Семетей, / Кабагын ачып жайылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карабасаң сен мага, / Арамдык кылсам, мен сага, / Алла таалам өзү урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →