караансыз

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Дайыны жок, дайынсыз, дарексиз, белгисиз.
  2. Карааны көзгө илешпес узакта, ыраакта, алыс.
  3. Караша турган, бел кылар, таянар адамы жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отуз алты ат айдап, / Аттын баарын каты айдап, / Аркада калган караансыз, / Орто жолдо сактаган, / Отуз алты кишиден, / Ачык кабар угабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Керменбайга жакындап, / Каргалдай барат какылдап, / Арам өлгөн Суутөкпөс, / Караансыз барат закымдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Андан кийин Суркойон, / Караансыз кетип калганы, / Эки күн, эки түн өтүп, / Капчыгайга барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Капталы катуу жер келсе, / Караансыз кетет, Суркойон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →