караандуу
- Көзгө көрүнөрлүк, байкарлык, барандуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эки күн турса дем алып, / Карды тойуп кампайып, / Караандуу киши кептенип, / Калат дечү дампайып, / Кара жайга күч келсе, / Качып барып бир жерге, / Калат дечү жалбарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
деп, / Бактыбай турду таптанып, / Жекеге чыкты Бактыбай, / Кененимден бата алып, / Дабытай мыкты эр экен, / Эр турмайлык шер экен, / Кайраты көптү жапырган, / Караандуу эрдин бири экен, / Качырып найза сайганга, / Агызын канды жайганга, / Кандим болгон неме экен, / Кесилетти кекетип, / Ачаканды кулатып, / Кеп айтары эп экен, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ылк этпей жатып калган бейм, / Эрлиги бирдей замандаш, / Тилимди алсаң курбалдаш, / Сүмбөдөй болуп жапжалгыз, / Ыргалып турат бир камыш, / Калганынан көзүмө, / Караандуу турат көрүүгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитиге кошулуп, / Белимди менин сындырды, / Караандуу киши топ болуп, / Сейиттин көөнүн тындырды”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Экөөнү катар тең сайып, / Өзөктөн канын жайганы, / Кара аскердин ичинде, / Караандуу киши калбады, / Атка минбей жөө түшүп, / Ыйлап турду калганы, / Беш миңчелик бар окшойт, / Байкап көрсө сийгагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →