караанда

китептерде 10 жолу, 4 китепте
  1. Карааны көрүнөрлүк, көзгө илешерлик абалда болуу, ошончолук деңгээлде жакындап баруу.
  2. Айрым белгилери боюнча окшош, түспөлдөш келүү, жакындашуу, туура келүү.
  3. Караан тутуу, баш калкалоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны караандап, / Келген экен аркалап, / Жөлөнгөн тоосу бар жерде, / Жоготойун талкалап”, / Дегенди алып ойуна, / Шерматканды теңге албай, / Найза салды чалкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Анжу, манжу, муңгулдар, / Дабытайды караандап, / Карап турду ушулар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арамзада шум Калча: / “Кача берсем бекер,- деп, / Караандап менден айрылбай, / Түшпөй өтүп кетер, — деп, / Найзалашып кагышып, / Алдап уруш салайын, / Ошентип Манасты, / Түшүрүп орго камайын, / Карматпай жетсе кыргыздар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Биттейимен бирге өскөн, / Табылган ашты бир жешкен, / Жакшы-жаман иш болсо, / Жашырышпай сүйлөшкөн, / Каралдым Чубак сен элең, / Караандап турчу мен элем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Турпатыңды карасам, / Түрпөтүң тоодой бир башка, / Койгон аты Жалтайбас, / Эл билген аты Куткарбас, / Куткарбасты караандап, / Ээрчип жүргөн сен калча, / Тапан хандын жүз үйрүп, / Сейитимге мен калча, / Бет келиштик бул жерге, / Сен экөөбүз тең калча, / Эки калча бет келдик, / Сынашалы ал калча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →