караан
- Нерсенин алыстан көрүнгөн элеси, сөлөкөтү.
- Бир нерсенин сыртынан, алыстан байкалган жалпы көлөмү, көрүнүш абалы, канча экендиги.
- өт. Бел кылар таяныч, жөлөк, медер, тирек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитей жүзүн көрө элек, / Торгой көрүп караанын, / Бурулуп төргө өтө элек, / Шыкаалаган тешиктин, / Түбүнөн басып кете элек, / Ак чөйчөккө суу алып, / Сары улагын дагы алып, / Ак сарыбашыл кой алып, / Ак боз бээден бирди алып, / Тайар кылып Көкөйү, / Камынып турган чыңданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененим көрүп караанын: / “Келе жаткан Дабытай, / Келбей кайда барасың, / Эч айлаңды таба албай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акылы артык жаныбар, / Көөдөнүн салып Сыргакка, / Асманга чыгып бир паста, / Коргондун көрүп караанын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көрүнгөн жок эч караан, / «Келбей калган окшойт» — деп, / Кыйазга айран калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →