капыстан
- Капысынан, кокусунан, байкоосуздан, күтпөгөн жерден.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лун жал, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Мингени сулуу жылкыдан, / Тышкы жүнү кызылдан, / Туулгасын кырдаган, / Найзасын оңдоп ыргаган, / Кызыл чийки өңү бар, / Капыстан чыккан качырып, / Ак жолборстой түрү бар, / Канатын ийип асмандан, / Качырган бүркүт сүрү бар, / Чылбыр бойу алдында, / Көрүнүп турган бирөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каратил угуп баатырдан, / Катуулата бастырган, / Аңдып турган немедей, / Батай, Катай алдынан, / Чыга калды капыстан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тура калды Чойун алп, / Эр Сүйүндүн жолуна, / Келе жаткан Сүйүнгө, / Көрүнбөй туруп ал калмак, / Капыстан найза урганы, / Саргыл аттан эр Сүйүн, / Камгактай учуп кулады, / Бактыбай көрө салганы, / Жебеден мурун жеткени, / Калдагай кулак капырды, / Капталга койуп өттү эми, / Алдындагы сур аттан, / Аңтарылып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Бий Ажыбай капыстан, / Келдиң эле не ишке?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муңканып карап турганда, / Канчоронун иттери, / Капыстан чыга келгени, / Байлап алып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →