капыста

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Байкоосуз жерде, көмүскөдө, өңүттө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен да кирсем аралап, / Карап турган тетиги, / Маңдайында сагаалап, / Анык байкап албайлы, / Алыңарды чамалап, / Капыста бизди калтырып, / Коргонго кирет сабалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кашаттан чыкса жапыста, / Акбалта турган капыста, / Имерип түшө калышты, / Салам айтып Балтага, / Таазим кыла барышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алды жакты капыста, / Уруп жаткан экөө бар, / Жылаңачтап эр байлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөк барсын ал жерге, / Кабар айтсак — деп — турам, / Капыста жаткан билинбей, / Кан төгүчү эренге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →