капырай
- Таң калганда, суктанганда, өкүнгөндө, кейигенде ж.б. учурларда колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…мактын калкы башталды, / Туш-тарапка качканга, / Асылбача ошондо, / Дүрбү салып караса, / Төрткөлдүн төмөн жагында / Калдайган кара кошуун бар, / “Эмне шумдук, капырай, / Уктап жаткан элдерди, / Уйалбай барып чапканбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Оо, капырай, Жакып бай, / Жер бети толгон малың бар, / Айтып койсоң болбойбу, / Сен уулуңду жашырбай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тура калып Айчүрөк, / Оң колу менен сол колун, / Шак дегиче бирди чаап, / Жердеп алып баланы, / Мурдунан чымчып алганы, / Чыркырап бала калганы, / Күрсө-күрсө жөтөлүп, / Кыйаз кирип барганы: / — Ээ, капырай Айчүрөк, / Ыйлаттың неге баланы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шоруктун кызы Акылай, / Шоодураган капырай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жалтыр ташка дарт айтып, / Өткөндөргө арыз айтып, / Жакасы ылдый жаш чачып, / Сомбилектей жаш айтып, / А капырай бир шумдук, / Тоо дүңгүрөп, суу толкуп, / Замана башка кубулуп, / Айбаттуу доош угулуп, / Күүгүм түшүп келаткан, / Күн тийгендей жаркырап, / Тоонун бети жаркыл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →