капыр
- Ислам дининен башка диндеги адам.
- өт. Жүрүм-туруму начар, адепсиз, кара ниет, кара санатай, митайым, куу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кармаганча Чакмакташ / Найзаны тартып алганы, / Капыр Калдык калдастап, / Балтасын алды алдастап, / Арам заада чоң маңгыт, / Качып калды калдактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тойгуза курсак ашын жеп, / Тогуздап темир тон кийип, / Тоодой капыр аттанды, / Кыйар барды өлдү, деп, / Көргөндөрү шаттанды, / Карап туруп кыр жактан, / Торгой байкуш какшанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каарданып Кененим, / Абасы Гүлүс кептенип, / Заарданып Кененим, / Манастап ураан чакырды, / Тармалкөктөн солтойтуп, / Сайып өттү капырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро иниң кар болду, / Эки колдун далысын, / Канчоро капыр кескилеп, / Кең дүйнөсү тар болду!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айбалтанды чың карма, / Сен да өзүнчө баатырсың, / Айалуу жаның капырсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →