капшыт
- Үйдүн төрдөн ылдыйкы эки каптал жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кененим, сага туйдурбай, / Алдыртан киши жиберсем, / Алтайдакы казакка, / Келбей койду Медетбек: / “Маңгыт, муңгул бир тууган, / Капшытта турат муңгулдар, / Элимди талап кетет”, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Торгойдун өңү бузулуп, / Кең дүйнөсү кысылып, / Өзүнчө басып кара тер, / Бешенеси нымыгып, / Көлдөлөңдү алабы, / Көрпөчөнү салабы, / Капшытын ачып шыкаалап, / Келатканды карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Дабытайга кезигип, / Карарып өңү бузулуп, / Каарданган Дабытай, / Жаалы чыгып бетинен, / Жалын чыгып көзүнөн, / Заарданган Дабытай, / Канча миң колу кырылып, / Капшытынан сөгүлүп, / Жарылып калган Дабытай, / Кылча жанын айабай, / Кылчайып артын карабай, / Келе жаткан Чолпонбай, / Зымыраган Дабытай, / Бучкагына түк албай, / Чолпо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Манаска келген сооганы, / Он беш киши сактады, / Кашымдагы дөбөдөй, / Капшытына батпады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Чал, сага кызымды берейин, бирок капшытымда калмак айгайлап, тушумда тулпар туйлап турсун, эшигиме чөккөн төөдөй алтын коюлсун, тоодогу жайлоомо алтын-күмүштөн сарай салынсын.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →