капшыр
- Катуу нерсени ичин көздөй кабыруу, майыштыруу.
- Бүктөй кармоо, кабыштырып кыса кармоо.
- өт. Мизин кайтаруу, талкалоо, кыйратуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көз ачырбай токмоктоп, / Балта менен башка уруп, / Башындагы туулганын, / Төбөсүн ылдый жапшырып, / Каржилигин капшыра, / Койуп турат Бактыбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кыр көрсөтүп биздерге, / Жакшылык жактын шеги жок, / Жамандык жагын издерге, / Беттешкенин мент кылып, / Алып келди бул кезге, / Касташканын капшырып, / Басып келди бул кезге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сейит менен эки күн, / Тең сайышкан ал Тапак, / Ыкбалчы жарак алгынча, / Ыкбалчыны эр Тапак, / Капшыра кармап белинен, / Белдеги чынжыр кемерден, / Кара тоодой далдайып, / Үзүп алды ээринен, / Тазкара менен Конушбай, / Жетип келди элинен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кумтуланып сыртынан, / Капшыра байлап белбоосун, / Жайып Токоң келатат, / Куу качырдын ал оозун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эрлик менен ченебей, / Эчтемени элебей, / Ат менен барып баш кеспей, / Жөөлөп жетип барыптыр, / Өжөр калмак өлө элек, / Эки бутка капшыра, / Кетелек менен салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →