капчык1

китептерде 12 жолу, 4 китепте капчык 2 →
  1. Ич, карын, курсак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Капчыкка колун салышты, / Каттарын сууруп алышты, / Ханга сунган немедей, / Карпаңдашып байкуштар, / Катты сунуп калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сакалы токой чериндей, / Муруту кучак келгиндей, / Булкулдаган бул чочко, / Мурутун кырдап имерип, / Чынгыш ханга карады, / Капчыгына кол салып, / Кыйынсынган Чынгыш хан, / Кыргыздан келген катты алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ажыкең сөзүн укканда, / Алдырашып калышты, / Кайдан кылсын намысты, / Капчыкка колун салышты, / Хандардын берген каттарын, / Калдайтып сууруп алышты, / Ашкайнам алган киши жок, / Кармап туруп калышты, / Бир убакта карасаң, / Зээрлүү таажы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Дасторконун жыйган соң, / — Алыстан келди Ажыкем, / Ардык алсын, — деген соң, / Улукка нечен жол барып, / Мындай иш далай капташып, / Кандим болгон Ажыбай, / Капчыкка колун салганы, / Каңкордун жазган кагазын, / Калдайтып сууруп алганы, / Тумардан кылган бечетин, / Жыртып ийип Ажыкең, / Кош колдоп сунуп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сары эшек, киле - кансоргуч, / Чаначтай карды тойушуп, / Капчыгы чыгып кампайып, / Семирип тумсак булкуйуп, / Азыткы менен албарсты, / Азык буга көп болуп, / Арсаңдашып күлүшүп, / Жүгүрүп төө куш коржоңдоп, / Батмачык жүрөт молтоңдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →