капчыгай
- Эки жагы бийик аска, зоока келген узун тилкелүү өрөөн, кокту.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ит агытып теке уулап, / Айгайлашып чуркурап, / Уу кылганда капчыгай, / Зоо кабышып жаңырып, / Бараңдын огу барсылдап, / Кулак тунуп тарсылдап, / Текени камап таш- ташта, / Тайган үрүп тарсылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайыпчынын капчыгай, / Жатып алды, — деп жазмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коо бойлоп булар жөнөдү, / Аркасынан айкырып, / Кызыл алп келет бурулбай, / Капчыгайга такалды, / Мүрүсү батып өтө албай, / Кызыл алпка Сурмерген, / Жеке келди туралбай: / — Мен көргөнмүн бул жерди, / Тирүү чыгып кете албайт, / Капчыгайга киргени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан кийин Суркойон, / Караансыз кетип калганы, / Эки күн, эки түн өтүп, / Капчыгайга барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →