капчал
- Бийик зоокалуу тар капчыгай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жылкы айдаган капталда, / Көрүнбөйт көзгө үнү бар, / Буткул-буткул капчалда, / Ташты карай бет алып, / Камынды байкуш качканга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…шондо, / Каныкейдин айтканы: / — Катыны билет экен деп, / Хандар, айтып калбаңар, / Арстанымдын өзүнө, / Алты ооз айтар сөзүм бар, / Каңгайдын кара тоосунан, / Капчал кара зоосунан, / Катарлап белин ким ашкан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып турду эр Төштүк, / Артынан кебин чубатып: / — Чалкуйрук менен кеткенмин, / Эрдемсинген Мурадил, / Артынан кууп жеткенмин, / Будурмак тоонун адырда, / Жанашып жетип каапырга, / Кабылтып найза сайдырбай, / Кире берди капчалга, / Көрбөй калдым туманда, / Күндү жайлап качканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бет маңдайын караса, / Каңшаар кара зоо болуп, / Мойнун толгоп караса, / Карышкыр жортуп өткүсүз, / Капчал кара коо болуп, / Башын өөдө кылдырбай, / Шилисинен басыптыр, / Кайгысы кара тоо болуп, / Кайгырып ичтен кан өтүп, / Калп эле ыкшып жөтөлүп, / Амалсыздан Тапан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карбаластап жол тартып, / Канча күнү түн катып, / Каңгайдын кара тоосуна, / Капчал-капчал коосуна, / Кайнаган каңгай журтуна, / Арыганда жетиптир, / Абдан шайы кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →