капталда

китептерде 24 жолу, 8 китепте
  1. Каптал менен жүрүү, каптал менен өтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылкы айдаган капталда, / Көрүнбөйт көзгө үнү бар, / Буткул-буткул капчалда, / Ташты карай бет алып, / Камынды байкуш качканга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аты менен Саламат, / Учуп кетти каргадай, / Капталдап барып жыгылып, / Топого башы тыгылып, / Талаа-талаа тилинип, / Куйканын каны чубуруп, / Кабыргасы кабышып, / Сынып кетип төрт-бешөө, / Өпкөсүнө жабышып, / Эки имерип чаптырбай, / Куйалы кетти чабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Кайран Сыргак кеп угуп, / Капталда душман деп угуп, / Ныкып койсо колтукка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калдайган кара тоо экен, / Капталдап адам өткүсүз, / Канча кабат зоо экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…мады, / Айабай күчүн жумшады, / Керк деген жылбас таш экен, / Сүйрөтүп кете албады, / Кармаган жаккы сооттун, / Жакасынан этекке, / Жарымын жулуп алганы, / Бир капталда соот жок, / Көрүнүп кийим калганы, / Бул өңдөнгөн жумушка, / Ачууланып арданды, / Чокморун жерден албастан, / Найзасын колго кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →