каптал1

китептерде 169 жолу, 10 китепте
  1. Дененин оң жана сол жак бөлүгү, тарабы, капшыты.
  2. Нерсенин оң жана сол жаккы капшыты, тарабы.
  3. Тоонун, дөңдүн боору, жантайма бети.
  4. Бир нерсенин туура тушу, туш жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Май сооруга найза жеп, / Кубатай карап турбады, / Ырысканды Кубатай, / Капталдан нары урганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…дө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Билип алып Кара дөө, / Ылачындай имерип, / Тийип-чыгып кайран дөө, / Чокуга жетсе чокморлоп, / Жүндөй сабап токмоктоп, / Капталга келсе найзалап, / Кетемин деп ойлонот, / Кабыргасын талкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Качырып барып Канчоро, / Капталга найза салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →