капкачанкы
- Небактагы, илгерки, мындан көп убакыт мурда болуп өткөн, нечактагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бир беттешип жанышты, / Найзаларын кагышты, / Сурчабарды камчылап, / Каарданган Мужундун, / Көзүнөн жашы тамчылап, / Балбан катын бакырып, / Капкачанкы Коңурбай, / Калдайдын атын чакырып, / Катуу тийди кырданып, / Жан алчуудай сурданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайыл болуп Чубакка, / Карсылдап күлүп Алмамбет, / Айтты жана мындай кеп: / — Анык арстан экенсиң, / Айтканыңа жеткин, — деп, / Капкачанкы каарымды, / Эми сенден кечтим, — деп, / Мага бер азыр өнөгүң, / Белди көздөй жөнөгүң, / Мен белге чыгып жатайын, / Алма баш менен атайын, / Мылтык үнү чыкканда…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кытайга кайра барарда, / Калмакка каран саларда, / Капкачанкы кыргыздын, / Кегин кууп табарда, / Айкөл Манас эр үчүн, / Алашка кызмат кыларда, / Азизкандын Алмамбет, / Арманын айтып буркурап, / Андаган бенде чуркурап, / Адам эмес айбандан, / Алтымыш тамыр зыркырап, / Токтоно албай турган деп, / Уккан элем бу бир кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Капкачанкы каткан тер, / Баары бойдон тарады, / Нечен жылдык болгон күч, / Бойуна келип жыйналды, / Койо берип баланы, / Айчүрөктү карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кандуу душман канкордон, / Капкачанкы кегиңди, / Өз билгенче аласың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →