капкачан
- Небак, алда качан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…бар, / Жаага огун керген бар, / Сойулга андес тыңдуу бар, / Билеги жоон балбан бар, / Бири онду жеңген бар, / Ала көөдөн дардаң бар, / Ар бир кылда адам бар, / Капкачандан бер жакка, / Бук болуп жаткан кыргыздар, / Кой деген киши болбоду, / Кой дегенге болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Анык билген бул Кыйаз, / Найзаны алды баратып, / Насыйа катын Чүрөктөн, / Кордук көрүп жаны ачып, / Жана кирди Гүлүскө, / Эрегишип жарашып, / Капкачандан бер жакка, / Намысын бүгүн талашып, / Кактырбай сайып Гүлүстү, / Кыйаз турду жадатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айкырышкан убакта, / Капкачандан бер жакка, / Катып калган кара жер, / Оргуштап агып, суу чыгып, / Толуп калды булакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кымбат баа жан элең, / Сыйкырың сиңдим, бар элең, / Капкачандан бер жакка, / Алда кандай болор деп, / Кайгыңды тартып зар элең, / Өзүмдү таштап унутуп, / Сени эстеген жан элем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бала хандын аддына келип баканы аман алып калганың, ал бака көк жашыл кичинекей асыл ташты бергенин, ошол таштын күчү менен капкачан өлүп, куураган башы калган жигитти тирилтип алганын, анан ошол тирилген жигит бул баланы кудуктун түбүнө таштап кеткенин, андан кийин дагы эмнелер болгонун кал…
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →