капкан
- Жапайы айбандарды, түлкү, суур, карышкыр, элик ж.б. кармоого ылайыкталып жасалган жаа сыяктуу эки жаагы бар аңчылык куралы.
- өт. Бирөөнү колго түшүрүү, илинтүү үчүн кылган амал, айла.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Адырдан бөрү, түлкү алып, / Кышында ичик кылсак, деп, / Азаматтар мүлк алып, / Капкан жайып бел- белге, / Тузак койуп булукка, / Шибе кармап уларга, / Чарба баккан элдердин / Эрмеги ушул буларда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жедигерде жети суу, / Жетөөндө бар жети улук, / Падышасы Таластык, / Аты Темир деп угуп, / Ырыскан келип жатыптыр, / Кетсем деп ага жолугуп, / Ит агытып, куш салган, / Капкан койуп теке алган, / Кулжасын аткан курбудан, / Күндө адырда жүрүчү, / Жетөө келди чатырга, / Жедигердин уулунан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кекилик кармап алчуудай, / Кишиге кылтак жайасың, / Түлкү кармап алчудай, / Жер көөлөп капкан курасың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Абасы таза асманым, / Кармаганын куткарбас, / Карысы болот капканым, / Ажыдаардай сүрү бар, / Алмамбет эле арстаным.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →