капкалуу

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Капкасы бар, капка салынган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңдайдагы душмандан, / Бөлүнүп чыкты бир адам, / Капкалуу коргон көрүнөт, / Карааны башка бул адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кененим, Жоодар кеңешип, / Кеби тамам болгончо, / Чыгыш жактан чаң чыкты, / Токтоо кылбай шар чыкты, / Кара байрак туу чыкты, / Калдайган кошуун кол чыкты, / Кабаттап темир кийинген, / Капкалуу тоодой зор чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Азык алдың дилдеден, / Атка миндиң чилдеден, / Арстан төрө баатырдын, / Адам сырын билбеген, - / Алмамбет анда мындай дейт: / — Тээ Каспаңдын кара тоосунда, / Капкалуу Бейжин оозунда, / Чок табылгы жайлаган, / Чоң кара атын байлаган, / Жоо дегенде шайланган, / Калдайдын уулу каапырга, / Хан Коңурбай баатырга, / Казат кылсак а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Билмек болуп Алмамбет, / Бир кишиден сурады, / Сураган киши муну айтты, / Сурдантып Алмаң муңайтты: / — Канча жылдын алдында, / Капкалуу Бейжин калаада, / Бир ханыбыз бар имиш, / Качып кеткен башкага, / Катыны калып Бейжинде, / Эрге тийбей келиптир, / Эрин күтүп эмгиче. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– Зыйфырым, капкалуу шаарымды, туулган жерим менен өскөн элимди таштап, атайын бир өзүң үчүн келсем неге унчукпайсың, ушунчалык жүрөгүң таш беле, жок дегенде, Керебет, сен сүйлөсөң боло! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →