капкайдагы
- Өтө эски, мурдагы, илгерки, капкачанкы, илгери болуп өткөн.
- Өтө алыстагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Абаке, келдим алдыңа, / Барып келдим жакында, / Капкайдагы Каңкайга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Капкайдагы кишилер, / Учураша келиптир, / Сумуруктун көзү, деп, / Буруусу жок, өзү деп, / Урум шаардын баашасы, / Ороздуга бериптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алдына миңден алтынды, / Алман салдык байларга, — / Деп, Керимбай айтканда, / Анда Семең мындай дейт: / «Калжыраба, Керимбай, / Капкайдагы бокту жеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Башкага батынып айтпаган капкайдагыны биз айтаар элек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
"Балам тыйынын бир оокатка жаратат экен десем, капкайдагы жарабаган нерселерди алыптыр" деп, чал ачуусу келип, үйүнөн кууп жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →