капкайда

китептерде 67 жолу, 8 китепте
  1. Эң алыста, өтө ыраакта, эң эле алыста.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күчтүү тийген бул найза, / Колундакы кылычы, / Ыргып кетти капкайда, / Калдагай кулак Чойун алп, / Чокмор алар колу жок, / Өлбөй калар жолу жок, / Манастын уулу каракөк, / Өтө баатыр колу шок, / Көкжалдык эмей неткени, / Көзүрсүнгөн калмакты, / Көмө койуп өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Коңурбай, / Мурдагыдай жүгүнбөй, / Таазим кылып бүгүлбөй, / Өрт көрүнүп көзүнөн, / Өктөсү чыгып сөзүнөн, / Каадалап ханын жатпады, / Каарлуу сөзүн баштады: / — Капкайдан келип алаштар, / Түрк улуу элге кол салды, / Түрк улуу мында келишке, / Кытайдан барып жол салды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара дөөлөп акырып, / Өзүнү атын чакырып, / Оро-пара маңдайдан, / Үзөңгүгө тамандап, / Чокуга чаап жиберди, / Ээрдин тиштеп жалаңдап, / Чак деп үнү угулуп, / Башы кетип капкайда, / Балтанын сабы суурулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жедигердин Кыйазын, / Баштап келип капкайдан, / Сыр коргонго киргизди, / Арамдыгын билгизди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →