капилет
- Эч нерседен капары жок, убайымсыз, тынч жайма-жай.
- Кокусунан, капысынан, күтүлбөгөн жерден, мезгилсиз, байкатпай, билгизбей.
- өт. Кысталыш, оорчулук, кыйынчылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…й күүгүмдөп, / Күүгүмдөгү устадай, / Көк жашыл тартып бүрүлдөп: / — Кыйынсыган Кененим, / Кыргызыңда болбодуң, / Кытай менен муңгулдун, / Кошулушкан чегинде, / Капилет өлүп сойлодуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…на, / Найзасын алып колуна, / Карап турду жулуна, / Карап турган капырдын, / Хан Коңурбай баатырдын, / Караанын көргөн качкындай, / Кагышып кирген ким болсо, / Капилет өлүп жаткандай, / Канын суудай чачкандай, / Каран түн аны баскандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каршы чыгып чочкого, / Каруулашып тең келбей, / Капилет өлгөн нечен жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Бура тарта бергенде, / «Ант ургур айтсам болбодуң, / Жарагым жок, атым жок, / Капилет өлүп сойлодум!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жаңкыдай амал курам деп жүрүп, капилеттен бир күнү карматып салганым да бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →