капас

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Колго багылуучу канаттууларды же жапайы айбандарды камап коюучу тор.
  2. өт. Эрксиздик, камалуучу жай, түрмө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Козубек анда кеп айтат: / — Бала төрө Бактыбай, / Байкап уккун, — деп айтат, / Кикиматтын колунан, / Темир капас торунан, / Эр Кененим куткарды, / Калмакты издеп барарын, / Кеңеш кебин бизге айтты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жарык күн күүгүм түн болот, / Сен турасың амалсыз, / Капастагы кушка окшоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ушуларга бир аралашсам, эзелтен берки арманымды бир айтып калсам, ошолор менен бирге болуп, кандуу майданга бирге кирсем — ошентип эзелтен капаста жаткан черимди бир чыгарсам дегендей бир белгисиз сезим пайда болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →