капар

китептерде 9 жолу, 5 китепте
  1. Ой, көңүл, назар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Иленин бойу агынга, / Чөйчөк менен кулжага, / Үч-Каркыра, Капарга, / Нар жакта Каңгай, муңгулда, / Алтымыш уруу алашка, / Кастарын тиккен хандар бар, / Караан болуп каңгайга, / Келүүчү манжу жана бар, / Түштүктөн келчү элиңе,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алмамбеттин көөнү ток, / Казактан кастык болот деп, / Хан Алмаңда капар жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Амалы кетип Гүлчоро: / “Он төрт жылдан бер жакка, / Азап тарттык канчалык, / Абакем албай капарга, / Таарынып калган экен” деп: / — Айланайын абаке, / Таарынгындай жериң жок, / Амалсыз калган биздерге, / Он эки жыл зар болдук, / Убакты жок издерге! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жайсыз жерде жайладын, / Капарда жок алдадың, / Жазылбай калды арманым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал жаман тонун баса жамынып эчтемеден капары жок корулдап, уктап жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →