капалуу
- Кайгы-капасы бар, убайымдуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качырдай болгон капырды, / Канжаркуу деген баатырды, / Жаралуу болуп жаны ачып, / Капалуу турган кан качып, / Каары келген Алмамбет, / Найзасын ага шилтеди, / Канжаркууга таамай бек.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кан ичме чочко капырдын, / Теңинен кесип, баш алып, / Канын төгүп койомун, / Капалуу Керкит көп элди, / Азат кылып койомун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Арачы киши басканы, / Чынкожого айтканы, / Ачуусу келип Чынкожо, / Алды-аркасын ойлобой, / Капалуу сөздү баштады: / — Кар кылып мен хан башым, / Кулга кызды беремби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кайгысын көрүп элимдин, / Капалуу көңүл зилдедим, / Ата-энем өткөн жер, / Ой-тоосун такыр көрбөдүм, / Кеңколго эки коно албай, / Келген жоого жөнөдүм, / Маңдайга бүткөн шор болсо, / Баш тартпастан көрөйүн, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Ажалым жетсе өлөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кезек-кезек тору байталды курсакка күрс-күрс теминип алат да, капалуу, күйкөлөң сөзү менен кейип өзүнчө бирдемелерди кобурап кетет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →