капалан

китептерде 35 жолу, 9 китепте
  1. Капа болуу, кайгыруу, бир нерсеге теригип, маанайы пас болуу, таарынып калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баатырдын уулу эр неме, / Баш булгап жоодон качпаган, / Бала жолборс шер неме, / Сүйлөсө тили так эле, / Сөз билги жайы бар эле: / — Капаланып кайгырып, / Катын-балаң, казактан, / Кайда бардың айрылып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коросонду беттеди, / Тоодой болгон Саламат, / Кесилетти чиктеди, / Бактыбайды байкасаң, / Эки көзүн айырбай, / Ачаканды тиктеди, / Кең кула менен Кененим, / Капаланып камыгып, / Көзүнөн чыккан жалыны, / Туулгага жабылып, / Коросондун колуна, / Аралап кирди чамынып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Найзаны жер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бокмурундун кебин укканда, / Кумсара түшүп Үрбү да, / Капаланып кайгырып, / Жаны чыгып ушунда: / — Үч күндөн бери Бокмурун, / Койдуңбу коппой ушуга? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Капаланып Канчоро, / Акыйа тиктеп ошондо: / — Кабаган канчык, дөбөттөр, / Келипсиңер короого, / Ийиле турган жерим жок, / Ийне-жипче мен болсо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрүнбөдү эч нерсе, / Капаланды Канчоро, / Хан Кыйаздын жогуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →