каныш
- Хандын аялы, хан аял, ханыша.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алыстан келген алты хан, / Кеңеш кебин салышты, / Ойлогонун айтышып, / Кеңеш кепке канышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай Каныштан, / Не келгенин сурады, / Анда Каныш турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муңдуу кебин салышып, / Муңдашып булар канышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аркалап жетим баланы, / Чыйырды менен Каныкей, / Кара ханга барыптыр, / Темир тоодо жол тосуп, / Олуйа Бакай калыптыр, / Жаткан Бакай тим жатпай, / Сарытазды жиберип, / Каныштан кабар алыптыр, / Эр жетилип Семетей, / Элин колго алыптыр, / Эрегишкен эзелтен, / Абыке, Көбөш, Жакыпты, / Аймап Семей салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Алда караңкүн ай, Каныша өзү өлбөй эле, мени тирүүлөй бир бейпайга салып кеткен турбайбы, кокуй!— деп кейип Жанымжанга карады Бурмаке.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →